Тазабек Икрамов: «Аскер адамдарынын өз жанын кыюусуна эмне себеп болууда?»

Тазабек Икрамов: «Аскер адамдарынын өз жанын кыюусуна эмне себеп болууда?»

Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеӊештин тиешелүү комитетинде 2-апрелде аскер адамдарынын өмүрүн камсыздандыруу маселеси каралып жатканда “Аскер адамдарынын өз жанын кыюусуна эмне себеп болот?” деген собол берди.

Азыркы учурда өз жанын кыйгандардын саны азайып баратканын белгилеген Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев мыйзамга сунушталган жаӊы ченемдер бюджеттен кошумча чыгымдарга кириптер кылбай турганын айтты.

«Анткени, аскер адамдарын камсыздандырууга биздин бюджеттин 3 пайыз каралган же ал 26-27 млн сомду түзөт. Мындайча айтканда, бир адамга 1 млн 40 миӊ сом бөлүнөт» деди Ал аскер адамдарын өлүмгө түрткөн себептер көп экенин билдирди.

«Ар кандай кыйчалыш абал, үйүнөн алыс кызмат өтөгөн жигиттер туруштук бербей калган кездер болот. «Дедовщинаны» жойдук десек болот, бирок офицерлер ыдык көрсөтөт деген маалыматтар бар, анын да аягына чыгабыз. Жакында казармаларга видеобайкоо камераларын орното баштайбыз» деп кошумчалады Н. Кедеев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты