Бишкек мэри  маршруттук такси менен жүргүнчүлөрдү тейлеген компания жетекчилерине жолукту

Бишкек мэри  маршруттук такси менен жүргүнчүлөрдү тейлеген компания жетекчилерине жолукту

Бүгүн, 2-апрелде, маршруттук такси айдоочуларынын иш таштоосунан соң, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов  жүргүнчүлөрдү тейлеген компания-фирма жетекчилери менен жолугушуп, абалды талкуулап жана чечүү жолдору караларын айтты. Ошону менен катар биринчи кезекте жарандардын коопсуздугун сактоо башкы милдет болорун кошумчалады.  

Борбор шаардын мэри Албек Ибраимов жүргүнчү ташуучулардын көйгөйүн биргелешип талкуулоону сунуштады. Ошондой эле эң ириде жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоону, милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамын аткарууну сунуштады.

Кичи автобус менен шаардык жүргүнчүлөрдү тейлеген унаа жетекчилери айдоочулар арасында унааны камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөөрүн, жакын арада маршруттук таксилер кызмат көрсөтө баштарына убада беришти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты