Сапар Исаков маршруттук унаанын  расмий эмес жыйымдарын текшерүүнү тапшырды 

    Сапар Исаков маршруттук унаанын  расмий эмес жыйымдарын текшерүүнү тапшырды 

Бүгүн, 2-апрелде, Бишкекте маршруттук такси айдоочулары иш таштап, шаардын жүргүнчүлөрүнө кыйла кыйынчылык келтирди. Бишкек шаар мэриясы эртеңден, абал калыбына келип, маршруттук такси калкка кызмат көрсөтө баштаарын билдирди.

Өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүнкү коомдук транспорт абалы жана  шаардыктарды коомдук унаа менен камсыз кылуу көйгөйү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. 

Өкмөт башчы Бишкек шаар калкын коомдук унаа жагынан камсыз кылуу боюнча бир катар көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Бирок мыйзам баарына бирдей, жарандардын коопсуздугу үчүн айдоочулардын эч кимисине артыкчылык берилбей турганын кошумчалады.

Маршруттук такси айдоочуларынын иш таштоосунун себептерин айтып келип, мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан расмий эмес акча чогултуу тууралуу маалыматы бар экенин айтты.

“Айрыкча Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Транспорт инспекциясынын иши тууралуу айта кетейин. Менин маалыматым боюнча, транспорттук ишкананын ар бир бригадасы аталган инспекцияга расмий эмес жыйым иретинде айына 3 миң сомдон берип турат” деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго бир жуманын ичинде көрүлгөн чара тууралуу маалымат берүүнү тапшырды.

С. Исаков транспорттук компаниялар мындан тышкары жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине да айына 5 минден төлөп тураарын айтты.

“Дагы көптөгөн расмий эмес жыйымдар бар, алсак, жүрүү схемасына да төлөшөт, ал эми бул документ акысыз эле берилиш керек, ошондой эле жүргүнчү салууга, машинаны токтотуучу жайга, ар бир рейске акы төлөнөт. Чакан автобус айдоочулары текшерүүчү бардык органдарга акы төлөшү керек. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына жана Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматына бул маалыматтарды текшерүүгө берем. Эгер маалыматтар тастыкталса, анда ал жетекчилер токтоосуз кызматтан кетет” деди.

Премьер-министр расмий эмес төлөмдөр жеке компаниялардын нааразычылыктарын жаратканын белгиледи.

“Коомдук транспорт көйгөйүнө комплекстүү карап, расмий эмес жыйымдарды азайтып, камсыздандыруу документтеринин талапка ылайык болушун, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздаш керек, борбор шаардагы коомдук транспорт менен камсыздоо системасын кайрадан карап чыгып, автобустарды ишке киргизүү жагын тездетүү керек” деди Сапар Исаков.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты