Экс-президент Алмазбек Атамбаев партия лидери катары саясатка келди

Экс-президент Алмазбек Атамбаев партия лидери катары саясатка келди

Көптөн бери улам кийинкиге жылдырылып келген СДПК партиясынын съезди 31-мартта өтүп, анда экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын лидери болуп шайланды. Ошентип, экс-президент саясат айдыңына партия лидери катары кайрылып келди. Жыйындан кийин экс-президент  Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Сооронбай Жээнбеков тууралуу

—Ал—эски досум. Биз 23 жылдан бери таанышпыз, достук байланыштабыз. Мен андан эки жаш улуумун. Агасы иретинде бир нерселерди айтышым мүмкүн. Ага Кыргызстандын президентине сейрек айтыла турган нерселерди айтууга туура келет. Айткандарымды угуп калганына кубанычтамын. Жеңил эмес үлүш жүктөлдү ага. Конституцияга өзгөртүү киргизилгенден кийин, өлкө парламенттик башкарууга өтө баштады, бул кайсы президент болбосун, чоң сыноо.

— 2017-жылдын ноябрь айында “Таза коом” стратегиясы кабыл алынган, анын натыйжасында ачык коом түзүлүш керек. Мисалы, Атамбаев президенттин кадрлар боюнча ишине кийлигишет деп ойлошот, бирок мен кийлигишпейм. Дароо эле “Сен Президентсиң, өзүң чеч”  деп айткам. Кадрларды дайындоого киришкен эмесмин, мындан кийин дагы киришпейм. Эгер кайсы бир кадр туура эмес дайындалса, ал тууралуу эскертип коюшум мүмкүн.

Президенттик аппарат стратегиянын башка, парламенттик системага өтүү каралбаган жана “Таза коом” жок вариантын сунуш кылгылары келди, мен мындайга макул боло албайм. Бул эмне десем, “Аппараттын сунуш кылганы” деп жооп берди.

Ал эми Коопсуздук Кеңешинде анын сүйлөгөн сөзүн алмаштырып суна салышты. Февраль айындагы Коопсуздук Кеңешинде бир нерсенин башын кылтыйта коюшту. Президентке берилип жаткан документтерди абайлап караш керек.

Мен үчүн эң башкы көрсөткүч—демократия жана коррупция менен күрөш. Эгер сен коррупция менен күрөшөм десең, анда “Райым-миллион” сыяктуу досторуң болбошу керек.

Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков  тууралуу

—Асылбек Жээнбеков жакшы жигит. Бирок агасы президент болуп турганда анын парламентте отурганы жакшы эмес. Ал мандатын тапшырышы керек. Мындай сөз шайлоого чейин эле болгон. Эгер агасы президент болсо, иниси депутаттык мандатын тапшырсын деген.

Тендер чечимин Жээнбековдун командасы кабыл алган

—2016-2017-жылдардагы тендер чечимдерин Сооронбай Жээнбековдун командасы кабыл алган. Ал жакта катачылыктар бар экен, ызы-чуу чыгууда. Алардын баарына жооп берем. Мен Бишкек ЖЭБин реконструкциялоого гана эмес, Токтогул ГЭСин, Камбар-Ата ГЭСин реконструкциялоо боюнча да буйрук бергем.  Подстанция жана “Датка-Кемин” ЛЭП курулуп, Бишкек өзүн-өзү свет менен камсыздоо тапшырмасы коюлган.

—Сапар Исаков өз ишин дурус жасап жатат. Ал 28-августта ишине киришкен. Анда күз-кыш айларына даярдык мезгили аяктап калган.

—Атамбаев премьер-министр болбойт. Мунун Атамбаевге кереги жок. Жаштар премьер боло беришсин. Ал (Сапар Исаков-ред.) ката кетирип жатат, бирок бир нерселерди жасап жатат.

—Реформа жүргүзүүгө Улан Исраилов (Ички иштер министри) даап барды, бирок аны кызматтан алганын өзү айтып жатат.

Сот системасынын реформасы тууралуу

—Беш жылда сотторду реформалоо жакшырды. 7 кодекс кабыл алынып, 2018-жылдын 1-февралынан тартып ишке кирмек. Бирок Сооронбай Жээнбековдун өтүнүчү менен (ал учурда премьер) бир жыл кийинкиге калтырылган. Бул тууралуу ачык айтыш керек.

Ага (Сооронбай Жээнбековго) “Коопсуздук Кеңешине кимдерди алып алдың деп айтып жатам. Темир Жумакадыровду мен кызматка алгам, ал башы иштеген кишилерди топтогон. Бирок азыр алардын баары кеткен.

Иши сотто болгон басылмалар тууралуу

—Менин жубайым жарым жыл капельницада жатты, анткени кулаган самолетто менин алтындарым менен бриллианттарым бар деген маалымат кетти. Бул ушак улантылып жатканын билдирет.

“Себат” мектептери жабылсын деген мисалды айтайын. Мен Түркиянын жетегинде калгым келген эмес.

“Занозанын” бир журналисти соттун чечимдери боюнча төгүндөө жарыялады, Жазуучулар Бирлигинин миллиондору ж.б. тууралуу. Бирок соттун чечими  менен макул эмесмин дейт. Кантип ал чындыкты кабыл ала албайт? Ошондуктан сотто акча өндүрүүдөн башка жолду көрбөй турам. Бул үчүн, журналисттер, мени кечирип койгула.

СДПК партиясында ажырым барбы?  

—Партияда ажырым жок, бирок ар кыл пикирлер бар. Статистика боюнча 50дөн ашык киши болгон жерде, ар кандай пикир орун алат. Биздин талапкер шайлоодо 54% добуш алды. Бирок Өмүрбек Бабанов экинчи болду. Ал саясаттан кетсе да, анын партиясы бар. Кайсы бир партиялар шайлоого чейин дагы күчтөнөт.   

—Күзүндө партиянын съезди болот, анда партиянын уставына өзгөртүү киргизилет. Жетекчиликте болуу мөнөтү чектелет.

—Кыргызстанда бир канча партия, системалуу, узак убакта өз идеологиясын өнүктүргөн партия болушу керек. Бул абалда СДПК өлкөнү өнүктүрүү максатында жоопкерчиликти алышы керек.

 “Ала-Арча” резиденциясындагы дачасы тууралуу

—Мен Кой-Ташта жашагым келет, бирок кожейкем (Ош шаарында туулган) шаарда жашагысы келет. Ооба, дача курулушуна каражатты өзүм тапкам, бирок ал менин мамлекетке белегим болот. Аны дароо мамлекетке өткөргөм, ага канчалык көңүл буруларын билгем.

Кытайдын СДПК партиясына кредити тууралуу

—Мен Кытай кредити тууралуу маалыматты толуктап койгум келет. Баары эле кредит тууралуу айтып, бирок гранттарды унутуп калышууда. Мына, үч жылдан бери Бишкектин жолдору оңдолуп жатат. Кытай, айтылбаган дагы башка жардамдарды көрсөтүүдө. Бизге эч кандай жардамдын кереги да жок.

 Даярдаган Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты