Юстиция министри Уран Ахметов кызматтан кетти
- 7 лет мурун
- Маек
Премьер-министр Сапар Исаков Юстиция министри Уран Ахметовдун жазган арызына ылайык, кызматтан бошотуу боюнча КР Президенти Сооронбай Жээнбековго сунуш жөнөттү.
Бугүн, 2-апрелде, Өкмөт башчы Сапар Исаков Юстиция министри Уран Ахметовдун жазган арызына ылайык, кызматтан бошотуу тууралуу Президентке сунуш жөнөткөнү тууралуу Өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү маалымат таратты.
Уран Ахметов 2016-жылдын ноябрь айында министр болуп дайындалган. Чет өлкөдөн билим алган жаш министрлердин бири эле, 37 жашта. Дайындалар алдында Кыргызстандын эл аралык университетинде жана Япониянын Кюсю университетинде юриспруденция боюнча жогорку билим алганы анын артыкчылыгы деп эсептелинген.
Уран Ахметов жетектеген министрликтин ишин парламент депутаттары бир нече ирет сындап келген. Ал жетектеген министрлик Бажы кодекси боюнча катачылык кетиргени парламентте катуу сындалган.