Маршруттук унаа айдоочуларынын талабы аткарылабы?   

Маршруттук унаа айдоочуларынын талабы аткарылабы?   

Бүгүн, 2-апрелде, эртең менен Бишкекте маршруттук такси айдоочулары иш таштап, жумушка чыгышпаганы маалым. Алар камсыздандыруу полисин кийинкиге калтыруу, жол акысын 15 сомго көбөйтүү, айдоочулардын бирдиктүү жумушчу кийимин киргизбөө талабын коюшууда.  Бишкек мэриясы маршруттук унаа айдоочуларынын талабы канааттандырылбай турганын айтып жатат.    

Бүгүн эртең менентен бери Бишкекте маршруттук такси айдоочулары жумушка чыкпай, аялдамаларда жүргүнчү көп. Шаарда автобус, троллейбустарды көпкө күтүүгө туура келүүдө. Демейде маршруттук таксилер тынбай каттаган “Дордой” базары да маршруттук такси жагынан жымжырт.

Бишкек мэриясынын транспорт бөлүмүнүн башчысы Тилек Жээнбаев 200 маршруттук таксинин айдоочусу иш таштоого кошулбаганын билдирди.

“200 маршруттук унаа айдоочусу иш таштоого кошулган жок. Алар кадимкидей эле иштеп жатат” деп айтты ал.

Бишкек мэриясынын транспорт бөлүмүнүн маалыматы боюнча Бишкек шаары боюнча күнүгө  2500 маршруттук такси чыгат. Ал эми шаардын транспорт менен тейлөө талабын канааттандыруу үчүн дагы 355 автобус керектелет.Маршруттук унаа айдоочуларынын талабы аткарылабы?   

 1-апрелден баштап айдоочулар үчүн камсыздандыруу полиси киргизилген. Камсыздандыруу полиси жок жүргүнчү ташыган айдоочуларга 500 сом өлчөмүндө айып салынат.  Бул тууралуу Жолдо жүрүү коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Ал эми Камсыздандыруу агенттигинде полис бир жылга берилерин, анын баасы унаанын  түрүнө жараша экенин айтты. Мисалы, стандарттуу 16 орундуу Бишкекте каттаган маршруттук унаа үчүн камсыздандыруу акысы 3000 сом болот, ал эми такси айдагандардыкы андан арзаныраак.

Маршруттук унаа айдоочуларынын талабы аткарылабы?   

Камсыздандыруу  шартын жүргүнчү ташуучу транспорттун бардык түрлөрү аткарат, мисалы, кандайдыр бир кырсыкка кабылса, айдоочуга камсыздандыруунун жардамы тиет.  Бирок ар бир жүргүнчү үчүн лимит коюлган. Жүргүнчү айдоочунун айынан  кырсыктаса 300 миң сомго чейин,  эгер жүгү бир нерсе болсо 10 миң сомго чейин камсыздандыруу ала алат.

Бишкек мэриясынын транспорт бөлүмүнүн башчысы Тилек Жээнбаев маршруттук унаа айдоочуларынын талабы аткарылбай турганын айтууда.

Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эрмек Усубалиев “Спутник” агенттигине маршруттук таксинин айдоочуларын коркутуп, иш таштатып жатат деген пикирин билдирди.

“Айдоочулар жумушка чыккысы келип жатат. Бирок чоң акчаларды алган фирма ээлери аларды коркутуп, жумушка чыгарбай жатышат” деп, бул боюнча материалдарды укук коргоо органдарына бере турганын билдирди.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты