“Ала-Тоо” рестораны убактылуу жабылды

“Ала-Тоо” рестораны убактылуу жабылды

Акыркы маалыматтар боюнча, Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында тамак-аштан  уулангандардын саны  173 адамга жетсе, алардын 22си өлкөнүн ар кайсы жагынан келгендер. Бишкек шаардык санитардык-эмидемиялык көзөмөл кызматынын башчысы Артур Буюклянов журналисттерге “Ала-Тоо” рестораны убактылуу жабылганын билдирди. Октябрь райондук ИИБ массалык уулануу фактысы боюнча ресторан жетекчилигине кылмыш ишин козгоду.

Ресторандагы тамак-аштан массалык түрдө уулануу боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБ кылмыш ишин козгоду. Азыр анын жетекчилигине 20 миң сом, администрация башчысына 5 миң сом айып салынды.

“Ала-Тоо” ресторанында 31-мартта кечинде 200 чамалуу киши үйлөнүү тоюна келип, тамак-аштан ууланган.

Түштүк магистралында жайгашкан ар тарабы асем жайда эмне себептен тамак-аштан массалык ууланышкан? Албетте, мунун жообу кылмышты иликтөө учурунда ачыкка чыгат. Ал эми биздин редакциянын маалыматы боюнча ресторандагы тамактар кымбат болгондуктан, ошол күнү,  31-марттагы тойдо администрация башчысы той ээлерине өздөрү үйдөн тамак-аш алып келип, меймандар столуна коюуга уруксат берип койгон. Уулануу ошол тамак-аштан, тоок этинен даярдалган азыктан келип чыккан деп божомолдонууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты