Таласта жол кырсыгынан 8 киши каза болду

  • 3 года мурун

15-октябрда саат 22:54 чамасында Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 61-чакырымында (Талас району, Кара-Ой айылы) «Хонда-Степвагон» менен «ДАФ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктын кесепетинен 8 киши (7 эркек, 1 аял) каза болгон. Алардын аты-жөнү такталууда.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты