Россия: Жол кырсыгынан 8 кыргызстандык жабыркады
- 7 лет мурун
- Маек
Россиянын Рязань облусунун Шацкий районунда 2018-жылдын 1-апрелинде саат 09:30 чамасында (Москва убактысы боюнча) Урал М5 унаа жолунун 377-чакырымында (Кучасьево айылы) «Хонда-Степ» унаа айдоочусу жол жээгиндеги электр карагайын сүзгөн.
Анын кесепетинен унаадагы 8 адам жабыркап, Шацкий райондук ооруканасына жеткирилген. Болжолдуу маалыматтар боюнча жабыркагандар- Кыргызстандын жарандары.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!