ӨКМ: Бүгүн, эртең туруксуз аба ырайы күтүлөт

 ӨКМ: Бүгүн, эртең туруксуз аба ырайы күтүлөт

2018-жылдын 2-апрелинен 3-апрелине чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 3…8°, күндүз 11…16° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 4…9° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -2…-7° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2018-жылдын 2-апрелинен 4-апрелине чейин аба ырайынын температурасынын жогорулашына кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.

2-3-апрелде күтүлүп жаткан нөшөр жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолу жана тоо этектериндеги райондорунда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү жана ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты