Чет өлкөдө иштегиң келеби?

Чет өлкөдө иштегиң келеби?

Чет өлкөдө иштөө жарманкеси «Азия Молл» соода борборунда АЙСЕК уюму тарабынан өткөрүлдү. Жарманкеде чет өлкөгө жумушка жөнөткөн ишканалар программалары жана шарттары жөнүндө айтып беришти.

АЙСЕК —мамлекеттик эмес уюм. Ал студенттер үчүн ар түрдүү долбоорлорду уюштурат. «Глобалдык Талант» аттуу программа боюнча акыркы курстагы студенттер чет өлкөгө барып стажировкадан өтүп келсе болот. Бул программа ар жылы ачылат жана аны студенттер өздөрү каржылоосу зарыл.Чет өлкөдө иштегиң келеби? Чет өлкөдө иштегиң келеби?

30-мартта өткөн жарманкеде Германия, Араб өлкөлөрү, Япония жана АКШга барып  иштөө программалары көрсөтүлдү. Түркияда иштеп келүү үчүн эң аз дегенде $250 керек болсо, башка мамлекеттер кетүү үчүн $1000дан жогору акча каражаты керек.

Жибек Жыралбек кызы

Фото: автор тарткан 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты