Москвада Кыргызстан товарлар көргөзмөсү өттү

 Москвада Кыргызстан товарлар көргөзмөсү өттү

Москвада Кыргызстандан чыккан товарлардын көргөзмөсү өттү. Көргөзмөнү КР Экономика министрлиги менен россиялык «Х5 Retail Group» компаниясы уюштурду. Аларга Кыргызстандын Россиядагы элчилиги көмөк көрсөттү.

Кыргызстандан чыккан товарлардын Москвада 30-мартта өткөн көргөзмөсүнө  атамекендик өндүрүшчүлөр: ”Аман-Гринфуд”, «Дары-Тянь Шаня», «Лавка Меда», «Нуристан», «Ак Жалга», «Rola», “Кирби”, «Бишкек Экспо», «Продимпекс», «Риха», «Тойбосс», «Кыргыз коньягы», «Кыргыз шампаны», «Аталык групп», «Аю» групп, «Шоро»,  «Супара» этнокомплекси, «Нактай», «Келечек»,  «Адвантекс», «Кант-сүт», «Талас-сүт» компаниялары катышты.

Москвада Кыргызстан товарлар көргөзмөсү өттү Москвада Кыргызстан товарлар көргөзмөсү өттү

Көргөзмө учурунда колбаса, сыр, кургатылган жер-жемиштер, жаңгак, бал, кыям, джем ж.б. товарлар сатып алуучулар тарабынан жогору бааланды.

Иш-чаранын ачылышына КР Экономика министри А. Новиков жана Россиянын Экономикалык өнүгүү министринин орун басары И. Торосов катышты.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын  Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты