Маршруттук унаа айдоочулары иш таштады

Маршруттук унаа айдоочулары иш таштады
Бүгүн, 2-апрелде, эртең менентен бери Бишкекте маршруттук унаа айдоочулары иш таштады. Алар маршруттук унаа жол киресин 15 сомго көтөрүүнү талап кылууда.
Маршруттук унаа ээлери жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылып, иш таштады. Бүгүн эртең менентен бери маршруттук такси чыкпай, аялдамаларда жүргүнчү көп. Автобус, троллейбустарды көпкө күтүүгө туура келүүдө.
Бишкек мэриясынын транспорт бөлүмүнүн башчысы Тилек Жээнбаев 200 маршруттук таксинин айдоочусу иш таштоого кошулбаганын билдирди.
“200 маршруттук унаа айдоочусу иш таштоого кошулган жок. Алар кадимкидей эле иштеп жатат” деп билдирди.
Ал эми маршруттук унаа айдоочулары бүгүн эртең менен акыркы аялдамаларда чогулуп, митинг өткөрүшүп, жүргүнчүлөр үчун жол кирени 15 сомго көбөйтүүнү талап кылышууда.
1-апрелден баштап айдоочулар үчүн камсыздандыруу полиси киргизилген. Камсыздандыруу полиси жок жүргүнчү ташыган айдоочуларга 500 сом өлчөмүндө айып салынат. Бул тууралуу Жолдо жүрүү коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди. Бул жүргүнчүлөрдү ташыган бардык автоунаа ээлерине таандык.
Ал эми Камсыздандыруу агенттигинде полис бир жылга берилерин, анын баасы унаанын  түрүнө жараша экенин айтты. Мисалы, стандарттуу 16 орундуу Бишкекте каттаган маршруттук унаа үчүн камсыздандыруу акысы 3000 сом болот, ал эми такси айдагандардыкы андан арзаныраак.
Камсыздандыруу талабына жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочунун бардык түрлөрү кирет, мисалы, кандайдыр бир кырсыкка кабылса, камсыздандыруунун жардамы тиет. Бирок ар бир жүргүнчү үчүн лимит коюлган. Жүргүнчү айдоочунун айынан  кырсыктаса 300 миң сом,  эгер жүгү бир нерсе болсо 10 миң сомго чейин камсыздандыруу ала алат.
Маршруттук унаа ээлери мына ушул камсыздандыруу шарттарына да макул эместигин билдиришүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты