«Ала-Тоо” ресторанында 139 киши ууланган

"Ала-Тоо” ресторанында 139 киши ууланган
Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанына үйлөнүү тоюна барган адамдар тамак-аштан массалык түрдө ууланышкан. Биздин маалыматыбыз боюнча, той өткөргөндөр айрым тамак-ашты өздөрү үйүнөн алып келишкен.
Бишкектеги Дарттын алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык -эпидемиялык көзөмөл борборунун директору Артур Буюкляновдун бүгүн, 2-апрелдин эртең мененки саат 8деги маалыматы боюнча, республикалык Жугуштуу дарттар ооруканасына уулануу белгилери менен 139 адам кайрылган. Алардын 89 ооруканага жаткырылган, 19 балдар. Амбулаториялык жардам сурап, 50 киши кайрылса, алардын 10у балдар болгон.
Үйлөнүү тоюна ар кайсы жактан келген меймандар үйлөрүнө баргандан кийин уулануу белгилери менен ооруканага кайрылышкан. Саламаттык сактоонун Ысык-Көл областтык бөлүмүнүн координатору Эсенбек Сатылкановдун айтымында, ошол ресторандан тамак жегенден кийин Чолпон-Атага келгенде уулануу белгилери менен 12 киши кайрылган. Алардын 10у ооруканага жаткырылган.
31-март күнү кечинде уулангандар Бишкектеги Түштүк магистраль боюнда жайгашкан “Ала-Тоо” ресторанында тойдо болушкан. Тойго бардыгы 200 чамалуу киши келген. Азыр ал жакта кайсы тамактан уулангандарын териштирип жатышат.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты