Атамбаев ТЭЦ маселеси жана Сапар Исаков тууралуу

Атамбаев ТЭЦ маселеси жана Сапар Исаков тууралууЭкс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып,  ТЭЦтеги авария жана өкмөт башчы Сапар Исаков тууралуу айтып, жылуулук борбору боюнча тендер Сооронбай Жээнбековдун учурунда жасалган деп билдирди.

Ал ТЭЦ маселеси башталган кеп-сөз премьер-министр Сапар Исаковго тийгенине токтолду.

«ТЭЦтин тендери Жээнбековдун өкмөт башчылыгы учурунда өткөрүлгөн. Тендер адатта ар бир жылдын сентябрь айына жүргүзүлүп келет», — деди Атамбаев.

Азыркы премьер-министр коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган кадрдык бир маселеге да кайрылды.

«Исаков Райым Матраимовду кызматтан алып, талуу жерине тийип алды. Эгерде коррупция менен күрөшүү керек десең, «Райым миллион» сыяктуу өң тааныштарың болбошу керек», — деди экс-президент.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты