Атамбаев Асылбек Жээнбеков тууралуу

Атамбаев Асылбек Жээнбеков тууралууКСДП Курултайына президенттин иниси Асылбек Жээнбеков менен Райым Матраимовдун бир тууганы Искендер Матраимов чакырылган эмес. Бул тууралуу мындай түшүндүрмө берди төрага.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президенттин иниси Асылбек Жээнбеков тууралуу «Асылбек Жээнбеков кыйын жигит, партия, жалпы өлкө үчүн жакшы иштеп берди. Бирок президенттин бир тууганынын парламентте отурушу өлкө башчынын өзүнө эле кедергисин тийгизет. Асылбек иним мени туура түшүнөт деп ойлойм», — деди.

Ал эми ТЭЦ маселеси тууралуу айтып жатып,  «Исаков Райым Матраимовду кызматтан алып, талуу жерине тийип алды. Эгерде коррупция менен күрөшүү керек десең, «Райым миллион» сыяктуу өң тааныштарың болбошу керек», — деди экс-президент.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты