Атамбаев С. Жээнбеков тууралуу

Атамбаев С. Жээнбеков тууралуу

Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Сооронбай Жээнбековдун президенттиги оор кырдаалга туш болгонун, ал менен 23 жылдан бери дос экенин айтты.

«Мен Сооронбай Шариповичтен эки жаш улуумун. Ага башкалар айтпаган айрым нерселерди айтып коюшум мүмкүн. Сөздөрүмдү Жээнбеков угуп турат. Ал оор учурга туш келди. Биз президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өттүк. Биздин милдет — ага жардам берүү. Жардам берет десе эле аны мактай бербей кээде катуу нерселерди да айтыш керек», — деди экс-президент.

А.Атамбаев акыркы жолу Жээнбеков менен болгон жолугушууда 4,5 саат сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Азыркы маалда экс-президент курултайдан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты