Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына 1 миллион сомго сертификат тапшырды

Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына 1 миллион сомго сертификат тапшырды

Президент Сооронбаев Жээнбеков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары жана машыктыруучулары менен жолукту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жээнбеков команданы 2019-жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтүүчү Азия кубогуна жолдомо жеңип алышы менен куттуктап, спортчуларга бул ийгилиги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бул чоң жетишкендик жана чоң ийгилик. Эң мыкты сапаттарыңарды көрсөттүңөр. Ар бириңерге кандай кыйын болгонун, тандоо этабы канчалык оор экенин билебиз, силерге дайыма күйөрман болдук. Кыргызстан курама командасы акыркы мезгилде ушундай жакшы оюнду бекеринен көрсөтпөгөнүн бүт дүйнөгө далилдедиңер», — деп белгиледи Жээнбеков.

Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына 1 миллион сомго сертификат тапшырды Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына 1 миллион сомго сертификат тапшырды Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына 1 миллион сомго сертификат тапшырды

Президент футболчулар дагы, аларды маанилүү оюндарга даярдаган машыктыруучулар менен спорт дарыгерлери дагы ыраазычылыкка татыктуу экенин белгилеп, башкы машыктыруучу Александр Крестининдин өзгөчө салымына токтолду.

«Дүйнөнүн эң мыкты жүз командасынын катарына киргениңерге кубанычтабыз, биздин континенттин 47 командасынын ичинен сиздер 12-орундасыңар. Бул дагы кыска аралыктагы абдан чоң жетишкендик», — деди мамлекет башчы.

Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына 1 миллион сомго сертификат тапшырып, мамлекет спортчуларды ар дайым колдойт деп ишендирди.

Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына 1 миллион сомго сертификат тапшырды Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына 1 миллион сомго сертификат тапшырды Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына 1 миллион сомго сертификат тапшырды Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына 1 миллион сомго сертификат тапшырды

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин, Кыргызстан Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, Футбол федерациясынын биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков жаңы ийгиликтерге жетишүү менен Кыргызстанда футбол дагы бийик деңгээлге көтөрүлүп, спортчуларга карата талап да кыйла катуу боло баштаганын айтышты.

Команданын оюнчулары болочоктогу маанилүү таймаштарда сөзсүз жакшы натыйжаларга жетишебиз деп ишендирип, президентке символикалуу түрдө футбол тобун жана Футбол федерациясынын символдору тартылган сүрөттү тартуулашты.

Бишкекте өткөн футбол боюнча Кыргызстан менен Индиянын курама командаларынын беттешинде кыргызстандыктар жеңип алган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты