КСДП съездинен 15 делегат чыгып кетти

КСДП съездинен 15 делегат чыгып кетти

Бишкекте өтүп жаткан КСДП партиясынын съездине катышып жаткан 15 делегат протест иретинде залдан чыгып кетти.

Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Токтосун Шамбетов билдирди. Анын айтымында, делегаттар партия жетекчилигинин позициясына макул эместигин билдиришкен.

Бишкектеги “Орион” мейманканасында өтүп жаткан КСДП партиясынын съездине 190 делегат чакырылган. Съезддин күн тартибинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди партия төрагалыгына шайлоо маселеси турат.

КСДП партиясынын төрага орун басары Фарид Ниязов кечээ “Азаттыкка” съездге журналисттер киргизилбесин, бирок Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйын өтөрүн айткан.

Булак: «Азаттык»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты