Өрт коопсуздугу боюнча сыноо

Өрт коопсуздугу боюнча сынооБүгүн, 30-мартта,  Бишкектин “Балдар дүйнөсү”, “Азия Молл”, “Бишкек парк” соода борборлорунда, “Аламүдүн” базарында өрт коопсуздугун сактоо боюнча сыноо окуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкектин “Балдар дүйнөсү”, “Азия Молл”, “Бишкек парк” соода борборлорунда, “Аламүдүн” базарында өрт коопсуздугун сактоо боюнча сыноо- окуулары өттү. Анда өрт коопсуздугу кандай сакталары, өрт кырсыгы чыккан учурда кандай аракет көрүлөрү, тез арада жардам көрсөтүүчү кызматтар, күзөт кызматкерлери кандай иштейт деп сынап көрүү максаты коюлду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Адилбек Чаргыновдун айтуусунда, мындай сыноо—окуулар коомдук жайларда, соода-оюн-зоок борборлорунда, эл көп чогулган жерлерде өтөт.

Айта кетсек, ӨКМ ыкчам тобу Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү менен бирдикте өлкө боюнча Өрт коопсуздугу боюнча сыноо окууларын өткөрүүнү көздөп жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты