Мурат Абдуразаков “акыркы самурайлардан” болчу  

Мурат Абдуразаков “акыркы самурайлардан” болчу  

28-мартта белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков жана Майрам Юсупованын уулу Мурат Абдуразаков 49 жашында кайтыш болду. Бүгүн, 30-мартта,  Бишкекте анын сөөгү жерге берилди.

Мурат Абдуразаков дарттын айынан, бирок күтүлбөгөн жерден каза болуптур. Ал 1968-жылдын 4-августунда туулган. Атасы Ишенбай Абдуразаков СССРдин Япониядагы элчиликте иштеген мезгилде  Россия элчилигинин  алдындагы мектепти бүтүргөн. Москвадагы айтылуу Эл аралык мамилелер институтун  аяктаган.

Кыргызстанга келгенде ошол кездеги мамлекеттик катчынын уулу жана премьер-министрдин күйөө баласы болуп туруп,  кесиби боюнча элчилик кызматка же мамлекеттик башка кызматка иштөөгө умтулган эмес.

30-мартта Мурат Ишенбаевич Абдуразаковду акыркы сапарга узатып жатып, аны билген-тааныгандар инсандык артыкчылык сапаттарын өзгөчө белгилешти.

Мурдагы премьер-министр, Мурат Абдуразаковдун кайнатасы Амангелди Муралиев  бул  чоң жоготуу болгонун, күйөө баласы эле эмес, уулундай болуп калганын каңырыгы түтөп айтты:

—Мурат— Ишенбай Абдуразаковичтин татыктуу уулу боло алды. Албетте, жакындарын акыркы сапарга узатып жатканда ал тууралуу жакшы гана сөз айтышат. Бирок Мурат тууралуу сөз өзгөчө. Мага Мурат күйөө бала гана эмес,  өзгөчө уул болчу.  Анын асыл сапаттарын айтып бүтө албайм. Мурат саясатка аралашпаганы менен, саясаттын ой-кырларын жакшы түшүнчү,  билими да терең эле. Артында эки кызы — менин неберелерим калды, -деди Амангелди Муралиев.

Мурат Абдуразаков “акыркы самурайлардан” болчу  

Ал эми nышкы иштер экс-министри, Абдуразаковдордун үй-бүлөлүк досу Муратбек Иманалиев Мурат Ишенбаевич ичи, тышы менен элге үлгү болчу чыныгы уул болгонун айтты:

—Атасы менен апасынын көзү өткөндөн кийин, кайгыга батып,  балким дарты ошондон кийин күчөгөндүр.  Мурат адамгерчиликтин бийик үлгүсүн көрсөтүп кетти. Ал атасы мамлекеттик иште турганда да, кайын атасы Өкмөт башчысы болгондо да, мамлекеттик кызматка барам деп, жеке кызыкчылыгын ойлогон жок, -деди М. Иманалиев.

Андан кийин досторунун атынан сүйлөгөңдөр да, Мурат Абдуразаковдун жанда жок сапаттарын белгилешти. Мурат көп өлкөлөрдөн дос-жолдош күтүптүр. Достору чогулуп, 50 жылдыгын кантип өткөрсөк деп сүйлөшүп жатышканын айтты (4-августта Мурат Абдуразаков 50 жашка чыкмак.-авт.). Аны  достору “акыркы самурай” болчу дешти.

Мураттын агасы, Кыргызстандын Ооганстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Авазбек Абдуразаков орду толгус жоготуу болгонун,  бир тууганынын көзү өтсө да анын элеси бир туугандарынын жүрөгүндө түбөлүк калаарын айтты.

Жогорудагы сөздөрдү акыркы сапар зыйнатында эркектер тобунда, жаназа алдында айтышты. Ушул жерден чегинүү жасап, бир нерсени айта кетейин: Тургандардын арасынан бейтааныш бир киши мага  “Аялзатына бул жердеги эркектер арасында турууга болбойт” деди. Ага “мен аял эмес, журналистмин” дедим да, жогорудагы сөздөрдү улантып уга бердим.

Мурат Абдуразаков “акыркы самурайлардан” болчу  

Дал ушул учурда бир нерсе эсиме келди. Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн өткөндө Ишенбай Абдуразаков агай алдыбыздан чыгып, бизден-журналист кыз-келиндерден “Бейитке барбайсыңарбы?” деп сурап калды. Биз эч нерсе оюбузда жок, “Бизде аял кишилерге  бейит башына барууга болбойт да” десек, ал “Залкар адам кайтыш болуп жатса, бейит башына барууга болбойт дейсиңерби? Силер учурда аялзаты эмес, биринчи кезекте журналист экениңерди унутпагыла” деген. Ошол сөздү эстеп кеттим.

Аялзаты турган жерде да ыйлап-сыктап, маркумдун мүнөз-сыпатын айтып жатышты.   Айтылуу Салижан Жигитовдун кызы Салима Жигитова Муратты өз агасы катары санаганын белгиледи.

—Менин атамдын досу Ишенбай Абдуразаковдун уулу—Мурат ага биздин үй-бүлөнү урматтаган жана абдан жакшы көрчү, аны агамдай көрчүмүн. Атасынын көзү өткөндөн кийин канаты кайрылгандай болуп калды. Ичиң аябай ачышат экен. Мурат байке МГИМОну аяктаган. Өлкөнүн мамлекеттик катчысынын жана премьер-министринин күйөө баласы болуп, алардын кызмат абалынан дегеле пайдаланган жок. Биздин “алтын жаштарыбыздын” арасында  Мурат байке “ак карга” болчу. Ал мага Печоринди элестетет, — деди Салима Жигитова.

Сыпайы, адамгерчиликтүү, татыктуу тарбия  жана билим алган адам айткандай, “акыркы самурайлар” кетип жатат окшойт.  Жаткан жериңиз жайлуу болсун, Мурат Ишенбаевич!

Айгүл Бакеева 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты