Чуйковчуларга жаңы жетекчи келди

Чуйковчуларга жаңы жетекчи келди
С.А.Чуйков атындагы  көркөм сүрөт окуу жайынын директору болуп Настарбек Мамаев келди.
Жаңы директорду Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов бир жылдык эмгек келишим менен дайындады. Мамаев ишин мыкты жөндөп кете алса, эмгек келишими дагы бир жылга узартылат деген шарты бар.
Н. Мамаев 56 жашта. Өзү С.А Чуйков атындагы окуу жайды аяктаган. Австрияда докторантурада окуган. Көркөм сүрөт искусствосу боюнча  Москвада  билим алган. Чыгармалары Түркия, Австрия, Индия, Казакстанда жана башка өлкөлөрдөгү  сүрөт көргөзмөлөрдө коюлган. «Art  of  Silk Road» деп аталган эл аралык көргөзмөдө  алтын медалдын жана Венадагы сүрөт академиясынын алтын медалынын ээси.
Ага жеке ийгиликтери менен катар жетекчи катары өзүн көрсөтө алат деген ишеним артылууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты