Астанада Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө сунушу
- 6 лет мурун
- Маек
Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев КР маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов менен болгон жолугушуу учурунда, кечээ, 29-мартта, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын Казакстандын борбору Астанада белгилөө боюнча сунушун билдирди.
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы Борбор Азияда, КМШда, түрк дүйнөсүндө, дегеле дүйнө жүзүндө белгиленсе жарашат. Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев КР Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов менен болгон жолугушуу учурунда Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын Казакстандын борбору Астанада белгилөө тууралуу оюн билдирди.
Бул иш-чараны Астана шаарынын 20 жылдыгына туштап өткөрүү каралып жатканын айтты.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!