Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңеш депутаты: «Чет өлкө аӊчылыктан киреше түшүрөт экен, биз карышкырдан чыгаша тартып жатабыз»

Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңеш депутаты: «Чет өлкө аӊчылыктан киреше түшүрөт экен, биз карышкырдан чыгаша тартып жатабыз»

Кыргызстан калкынын 65 пайызы элет жеринде жашайт, анын негизги байлыгы – мал. Тилекке каршы, кышкысын элеттиктер карышкырдан жабыр тартууда. Өткөн жылы алар карышкырдан канча чыгымга учурады?
Депутат Чыныбай Турсунбеков КСДП фракциясында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча маалымат талкууланып жатканда өкмөт өкүлдөрүнө ушундай собол салды.
Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев азырынча бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.
Ал эми вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев 2017-жылдын жыйынтыгында карышкырдан 30 млн сом зыян тартканын билдирди. «Албетте, 30 млн сом элеттиктер үчүн чоӊ чыгаша», — деп кошумчалады ал.
Чыныбай Турсунбеков 30 млн сомдук чыгым расмий гана маалымат экенин эске салып, көп малчылар эч жакка кайрылбай турганын белгиледи.
«Менимче, 30 млн сом – расмий маалымат, иш жүзүндө андан эсе көп чыгаша тартабыз. Жогоруда Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин башчысы чет өлкөлүктөрдүн аӊчылыгынан 61 млн сом киреше түшкөнүн айтты, ошол эле учурда, биз карышкырдан 60 млн сом чыгаша тартып жатпайбызбы» деди ал.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты