Абдыкалык Рустамов: КР Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин башчысы: “Коммерциялык аңчылык жолго салынган”

Абдыкалык Рустамов: КР Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин башчысы:  “Коммерциялык аңчылык жолго салынган”
Агенттиктин башчысы А. Рустамов бүгүн, 30-мартта, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясында экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча маалымат берди.
Өткөн жылы жапайы жан-жаныбарларды сактоо жаатында бир катар чаралар көрүлгөн, айрыкча коммерциялык аӊчылыкты жолго салуу аракеттери колго алынган.
«Мисалы, өткөн жылы атайын уруксат менен атылып алынган 79 аркардан 35 млн 550 миӊ сом, 2 бугудан 60 миӊ сом түштү. Ал эми тоо текеге аӊчылык кылуудан 21 млн сом өлчөмүндө каражат алынды» деди Рустамов.
Андан тышкары, чет өлкөлүк аӊчылар тарабынан 15 миӊ сомго 8 карышкыр атылган. «Эгерде карышкыр жергиликтүү жарандар тарабынан атылса, тескерисинче, мамлекет аларга 6 миӊ сом өлчөмүндө сый акы төлөп берет. Ал эми карышкыр чет өлкөлүк аӊчы тарабынан атылса, алар мамлекетке төлөйт» деди агенттиктин жетекчиси.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты