Руслан Казакбаев, Жогорку Кеңеш депутаты: “2015-жылдан бери 237 курулуш обьектиси бүтпөй келе жатат”

Руслан Казакбаев, Жогорку Кеңеш депутаты: “2015-жылдан бери 237 курулуш обьектиси бүтпөй келе жатат”
Бүгүн, 30-мартта, “Республика – Ата Журт” фракциясынын кезектеги жыйыны өттү. Анда 2015-2017-жылдар аралыгында республикалык бюджеттен каржыланган капиталдык курулуш объекттеринин абалы жана Капиталдык салым чыгашаларын каржылоо тууралуу маселе каралды.
“Республика – Ата Журт” фракциясынын жетекчиси Руслан Казакбаев 2016-2017-жылдарда республикалык бюджеттин капиталдык салымдары 10,6 млрд сомго көбөйсө да, 2016-жылы курулушу бүтпөгөн обьектилерди каржылоо көлөмүнүн өсүшү 7,7 млрд сомду, ал эми 2017-жылдын башталышына карата 8,5 млрд сомду түзгөндүгүнө токтолду.
Ошондой эле Р. Казакбаев капиталдык салымдар көйгөйлөрүн (обьектилердин бекитилген тизмесине өзгөртүү киргизүү, каржылоонун так механизми жоктугун, долбоордук-сметалык документациясы жок обьектилердин бекитилген тизмеге киргизилишин, ири өлчөмдөгү карызы барларды (подрядчиктер жана мамлекет) эске албаганын билдирди.
Жалпы суммасы 2 059,4 млн сомду түзгөн 2015-жылдагы 237 обьектинин кийинки жылдарга өтүп келе жатканына көңүл бурду.
Ошону менен катар 2016-жылы ири долбоорлор, Ысык-Көлдөгү ипподромдун курулушу, “Бишкек – “Манас” эл аралык аэропорту жолунун капиталдык ремонтунун бүткөрүлүшү, Балыкчы-Корумду жолун реконструкциялоонун башталышы, ишке ашырылганын белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты