Журналист Чынар Капарова “Ала-Тоо” программасына барып, Илим Карыпбековдон эки жылдын маянасын төлөтүп алат

Журналист Чынар Капарова “Ала-Тоо” программасына барып, Илим Карыпбековдон эки жылдын маянасын төлөтүп алат
2018 –жылдын 20-мартында Жогорку Соттун соттук отурумунда журналист, КТРКнын “Ала Тоо” программасынын мурунку баяндамачысы Чынар Капарова Улуттук телерадио компаниянын директору Илим Карыпбековду эки жылдык соттук териштирүүдөн кийин, акыркы инстанциядан жеңип алды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат катчысы С. Соурбаева билдирди.
Илим Карыпбеков 2016-жылдын 12-августунда Чынар Капарованы негизсиз кызматтан алган деп табылды. Капарова теле берүүнү алып баруу убагында Кыргыз Эл Баатыры Сүйүнбай Эралиевди “Улуу Ата мекендик согуштун баатыры” деп туура эмес айткандыгы үчүн кызматынан алынган. Бул катачылыгы үчүн баяндамачыга эскертүү берүү жетиштүү болмок деген жүйөнү сот туура деп тапты.
Жогорку соттун чечими күчүнө киргенден тартып, И. Карыпбеков теле алып баруучуну кызмат ордуна коюп, бош жүргөндөгү маянасы менен моралдык чыгымын төлөп бериши керек. Бул 55 миң сом жана 5 миң моралдык зыян деп каралууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты