Камсыздандыруу документи жок жүргүнчүлөрдү ташыгандарга айыппул салынат

Камсыздандыруу документи жок жүргүнчүлөрдү ташыгандарга айыппул салынат

1-апрелден баштап камсыздандыруу документи жок жүргүнчүлөрдү ташыгандарга айыппул салынат. Бул тууралуу Жолдо жүрүү коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

1-апрелден баштап Жолдо жүрүү коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы  унаа ээлерин текшерип баштайт. Эгер айдоочуда камсыздандыруу документи жок болсо, 500 сом айыппул салынып, автоунааны токтотуучу жайга алып кетишет. Бул жүргүнчүлөрдү ташыган бардык автоунаа ээлерине таандык. Ал эми Камсыздандыруу агенттигинде болсо полис бир жылга берилерин, анын баасы унаанын  ташуу түрүнө жараша экенин айтты. Мисалы, стандарт делген, 16 орундуу Бишкекте каттаган маршруттук унаа 3000 сом болот, ал эми такси айдагандар андан арзаныраак.

Камсыздандыруу делип жүргүнчү айдоочунун айынан жапа чеккен бардык түрлөрү кирет, мисалы, ал кандайдыр бир кырсыкка кабылса же жанына алып жүргөн жүгү бир нерсе болсо. Бирок ар бир жүргүнчү үчүн лимит коюлган. Жүргүнчү айдоочунун айынан  өзү кырсыктаса 300 миң сом,  эгер жүгү бир нерсе болсо 10 миң сомго чейин ала алат. Төлөө өлчөмү жаракаттын оор же жеңилине жараша каралат. Төлөмдү алуу үчүн жүргүнчү айдоочунун айынан кырсыктаганын, дарыланганга кеткен чыгымдардын чегин, кырсык катталган бардык документтерди алып келиши керек.

Эскерте кетсек, камсыздандыруу боюнча мыйзам  2008-жылы эле кабыл алынган. Өткөн жылдын аягында премьер-министр токтомго кол койгон, анда 1-апрелден тарта бардык жүргүнчүлөрдү ташыган автоунаа ээлерине камсыздандыруу документи жок болсо административдик айыппул салынаары айтылган.

Унаа ээлери каалаган Камсыздандыруу агенттигине барып бул документти ала алышат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты