Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон экинчи кылмыш иши боюнча үн катты

Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон экинчи кылмыш иши боюнча үн катты«Республика — Ата-Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон экинчи кылмыш иши боюнча билдирүү таратып, коюлган айыптар “ойдон чыгарылганын” айтты. Тараткан билдирүүсүндө ал эч качан бийликти басып алууну көздөбөгөнү айтылат.

“Менин, менин партиялаштарым же тарапташтарымдын бийликти басып алуу же мыйзамсыз иштерди жасоого эч качан ниеттери болгон эмес, болбойт дагы! Шайлоо кампаниясын мен таза өткөрдүм, менин ак ниетимди бардык жарандар көрдү. Бийликти басып алуу такыр маанисиз! Элим өзү күбө болгондой, шайлоо бүткөндөн кийин биз бийликти басып алуу аракети эмес, ал түгүл митинг өткөргөн жокпуз. Тетирисинче, жыйынтыктарга макул болбой аймактарда көчөгө чыккан элдерди дал менин жакын адамдарым токтотуп жүрүштү”, — деп жазылат билдирүүдө.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты