Тазабек Икрамов парламентке KG номурду кайтарууну сунуштады

Тазабек Икрамов парламентке KG номурду кайтарууну сунуштадыЖогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламентке KG сериясындагы автоунаа номурларын кайтарууну сунуштады. Муну ал эл өкүлдөрүн жер-жерлерде адамдар таанып-билиши жана башка түрдүү тоскоолдуктарга кабылбоо үчүн зарыл деп түшүндүрдү:

— Машине жана башкалардын баары кетти, мейли. Бирок KG номурду кайтаруу керек болуп жатат. Эл өзү шайлаган депутаты келдиби же жокпу, билиши керек. Номурду кайтарып берсе жакшы болот эле. Аны депутат өзүнүн машинесине тагып алабы же таксиге чыкса, таксиге кадайбы, өз иши. Жогорку Кеңештин ар бир депутатынын өз номуру болушу керек. Болбосо, өкмөт деле, башкалар деле жөнөкөй номурда жүрүшсүн.

Икрамов бул сунушун 29-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты.

Парламенттин азыркы курамы — VI чакырылыштагы депутаттар кызматтык унаа жана KG сериясындагы номурлардан баш тарткан.

Быйыл февралда депутат Камчыбек Жолдошбаев кызматтык унааларды кайра кайтаруу маселесин көтөргөн. Ал айрым кызматташтары маршруттук таксиде жүргөнүнө, жумушка жөө каттап жатканына уяларын айткан эле.

 Булак: «Азаттык»
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты