Жээнбеков менен Атамбаевдин жолугушуусунун чоо-жайы айтыла элек

Жээнбеков менен Атамбаевдин жолугушуусунун чоо-жайы айтыла элекПрезидент Сооронбай Жээнбеков 28-мартта мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Азаттык» радиосуна билдирди.

Стамалиева жолугушуунун чоо-жайын толук айтпады, бирок буга чейин да экөө кезигишкенин кошумчалады.

Бийликтеги Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) курултайы быйыл 31-мартка белгиленген. Анда партиянын төрагасы бекитилмекчи. Ошондой эле Атамбаевдин кийинки саясий кадамдары аныкталары тууралуу сөздөр айтылып келет. Буга чейин КСДПнын курултайы бир канча жолу жылдырылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты