Максат САБИРОВ, ЖК депутаты: “Атамбаев стабилдүүлүктү камсыз кылды”

Максат САБИРОВ, ЖК депутаты: “Атамбаев стабилдүүлүктү камсыз кылды”Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров өлкөдөгү азыркы саясий кырдаал боюнча ой бөлүштү.

— Максат мырза,  өлкөдөгү саясий абалга кандай баа бересиз?
— Дүйнө жүзүндө бардык мамлекеттерде оор кырдаал түзүлүп, глобализация жүрүп жатат. Биз ушул убакытка чейин кайсы бир багытты көздөй алган эмеспиз. Эми ЕАЭБ түзүмүнө кирип, Орусия, Белоруссия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен карым-катнаштарыбызды жакшырттык. Мурда болсо саясатты астыга коюп, экономика тармагын көп ойлонгон эмеспиз. Натыйжада саясат жактан абдан көтөрүлгөнүбүз менен, экономикабыз артта калды. Парламенттик башкаруу системасына өткөнүбүзгө быйыл жети жыл толду. Көп өзгөрүүлөр боло турган жыл. Бир гана нерсе элдин тынччылыгы, ынтымагы, саясий стабилдүүлүк жана алдыда боло турган президенттик шайлообуздун тынч өтүшү. Эгерде ушул жолу бардыгы тынч болуп, эл өзүнүн тандаган адамын шайлап, мамлекетибизде саясий стабилдүүлүк орноп, коңшу мамлекеттер менен карым-катнаштар түзүлсө, Кыргызстандын келечеги жакшы болот деп ойлойм. Ошондуктан баарыбыз бирге эгемендүү мамлекетибиздин тынччылыгын тандап, туура жолго багыт алышыбыз керек.

— Акыркы кездерде президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине сын айткандардын саны арбып баратат. Сиз Президент туура жолдо баратат деп эсептейсизби?
— Президент туура жол менен баратат. Буга чейинки президенттин башкаруусунда буйрутма  саясий киши өлтүрүүлөр болгон. Ошонун айынан 7-апрель революциясы чыккан. Айрымдар “Учурда сөз эркиндигин ооздуктап атат” деп айтып жатышат, азыр журналисттерди өлтүргөн жок го. Мурунку бийликтин убагында журналисттер өлтүрүлгөн. Азыркы бийлик андайга барган жок. Негизи ар бир учурдун өзүнүн саясаты болот. Бирок тарыхыңды билбесең, эч качан элиңдин өсүшү болбойт. Кечээки өткөн менен бүгүнкү болуп жатканды салыштырбасаң,  жашооңдун кандай экенин түшүнбөйсүң. Кечээки үй-бүлөлүк башкаруу, саясий буйрутма киши өлтүрүүлөр бүгүн жок да. Өзүнүн кызыкчылыктарын ойлогон айрым саясатчылар “Азыркы башкаруу системасы туура эмес жолдо баратат” деп айтышса, айрымдар Кыргызстан өзүнчө бир мамлекет болуп туруусун да каалабайт. Ушунун баарынан анализ жасай билип, туруктуу мамлекет болушун ойлонушубуз керек.

— Акыркы учурда камакка алынган саясатчылар Текебаев, Садыр Жапаровдор боюнча эмне айта аласыз?
— Камалгандар боюнча пикир айткым келбейт. Көпчүлүгү келип “Камалгандар боюнча кандай пикирдесиз?” деп сурап жатышат. Эмне үчүн жөнөкөй прокурор же мугалимдердин камалышын ушинтип сурабайбыз? Мен бир гана нерсени айткым келет, бардык нерсе орду-орду менен анализделип, күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Күнөөсү жок болсо, акталышы керек. Жеке эле Текебаев же Жапаров эмес, башка камалган адамдардын бардыгы күнөөсү болсо жооп бериши керек. Жоопкерчиликти мойнубузга алмайынча, биз эч качан оңолбойбуз. Мамлекет деле кичинекей үй-бүлө сыяктуу. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар бири өзүнүн тапкан ташыгандарын өздөрү жеп-ичип алса, анда ал үй-бүлөдө өсүш болбойт да. Мамлекет да ушул сыяктуу. Короо шыпырып иштеген адам менен, чоң кызматтарда иштеген адамдардын мыйзам алдында жоопкерчиликтери бирдей болушу керек. Кандай маселенин аркасында күнөө коюлбасын, акыркы чечимди сот кабыл алышы керек. Бул мамлекеттин өнүгүшүнө чоң салым кошот.

— Президенттин мөөнөтү аяктап баратат, Алмазбек Атамбаев кайсы иштерди жакшы жасады да, кайсы жерден жаңылды?
— Пенде болгондон кийин жаңылган учурларың болбой койбойт. Кээде жасаган жакшы иштериң айтылбай, жасабаган нерселериңди көп айтып калышат. Президент Алмазбек Шаршеновичтин чечкиндүү түрдө “Мен мөөнөтүм аяктагандан кийин президенттиктен кетем” деп айтканы чоң иш болду. Анткени Кыргызстанда бир да президент өзү “Президенттик мөөнөтүм бүткөндө кетем” деп айткан эмес. Баары тытынып, коомубузду канга боеп кетишкен. Биздин тарыхыбызда биринчи жолу Президент өзү “Кетем!” деп айтып атат. Бул бир. Экинчиден, Кыргызстанга “Таза шайлоо” өткөрүп берем деп айтты эле, парламенттик шайлоо буга негиз болуп берди. Президенттик шайлоо парламенттик шайлоодон да жогорку деңгээлде өткөнү жатат. Анткени административдик ресурстарды токтотуу боюнча жаңы мыйзамдар кабыл алынды. Эгерде Алмазбек Шаршенович өзүн эле ойлосо, анда мындай кадамдарга бармак эмес. Ал кишинин оюнда жалпы кыргыз элине ачык-айкындыкты камсыздап кетүү болуп атат. Мисалы, кечээ күнкү 2017-жылдан 2040-жылга чейинки программаны түзүп, атайын арыкты чаап койгону туура иш болду деп ойлойм. Анткени биз алдыбызга максат коюп, чалды-куйду болбой, бир багытты көздөп иштешибиз керек. Эң негизгиси Атамбаевдин башкаруусунда элибизде стабилдүүлүк өкүм сүрдү. Андан сырткары, “Датка” подстанциясын мөөнөтүнөн мурда ишке киргизди. Муну менен Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Бул да Президенттин алгылыктуу иштеринин бири деп эсептейм. Бул бийлик учурунда коррупциянын өсүп-өнүгүп жатканы абдан өкүндүрөт. Албетте, президент жалгыз эч нерсеге жетишпейт. Өкмөт да мындай көрүнүштөрдүн үстүнөн иштеши керек. Президент көзөмөлгө алган жерлерди барып казып, калгандарын карабай аткандары кейиштүү. Азыр бизде диктатуралык башкаруубу деген сыяктуу көп сөз чыгып атат го. Айласыздан диктатурага окшоп калып атат. Себеби, өкмөт программа түзө албай бир эле президенттин программасы менен иштеп атат. Өкмөттүн иштей албагандыгы мамлекетти бир аз аксатты. Бул биздин, парламенттин да кемчилиги болуп калды. Кеп туура, так иштеген өкмөттү тандай албаганыбызда. Тандалып келсе да алардын иштешине биз мүмкүнчүлүк бербей койдук. Мына ушундай нерселерди орду-ордуна коюп алганыбызда экономикабыз аз да болсо алдыга жылат беле.

— Президент кимди мураскер кылып калтырат деп ойлойсуз? Мураскер калтырганы туурабы?
— Биз мураскер деген түшүнүктү такыр унутушубуз керек. Эгерде президент өзүнүн баласын же кызын президенттикке калтырса мураскер калтырды деп айтсак болот. Бул шайлоодо, менин жеке пикиримде, андай болбойт. Ооба, ар бир фракциядан бир-экиден талапкер чыгышы мүмкүн. Ошол талапкерлердин арасында шайлоо эмес, таза тандоо болушу шарт. Элге мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Алмазбек Шаршенович ошондой кылат деп ойлойм.

—  “Республика – Ата-Журт” партиясы кыйраткан оппозиция болуп жыргаткан жок” деп көптөр сындап келишет. Буга эмне дейсиз?
— Биз фракцияда 28 депутатпыз. Өзүбүз оппозициялык фракция болуп туруп радикалдык жагына оой турган болсок,  анда сөзсүз түрдө ызы-чуу болмок. Баарын жакшы дей бере турган болсок, анда ал жагынан да аксамакпыз. Шайлоо алдында реформаларга барабыз дегенбиз, мыйзам чегинде реформаларды киргизип атабыз. Көп саясий күчтөр бар. Мен алардын баарына “Тиги мындай, бул тигиндей” дебей, кыйын болсо өздөрү партия түзүп, шайлоодон жеңип келип иштей беришсин. Жатып алып эле сындай берген болбойт.

— Президенттик шайлоого сиздердин партиядан Өмүрбек Бабановду чыгарасыздарбы?
— Ооба, президенттик шайлоого биздин фракциядан Өмүрбек Бабановду чыгарабыз.

— Сиз жакында ЖК жыйынында партиялашыңыз Мирлан Жээнчороев менен түртүшүп кетип, кесиптештериңиз ортого түшүп бөлүп калбадыбы. Буга эмне себеп болду?
— Бул жөн гана экөөбүздүн ортобузда калышын каалайм. Айткым келбейт.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты