Асманга учкан ак шарлар

Асманга учкан ак шарлар

Россиядагы 25-мартта болуп өтүп, алтымыштан ашык адамдын, анын ичинен секелек кыздардын, өспүрүм балдардын өмүрүн алып кеткен, үчтөн, бештен балдарын жоготуп, аза кайгысына баткан үй-бүлөлөр, алардын жакындарын, бүткүл өлкөнү жабыркаткан өрт алааматынын кайгысы адам баласынын жан дүйнөсүнө бүлүк салып келет.

Асманга учкан ак шарлар
Кечээ, 28-мартта, саат 18:00дө Россиянын көптөгөн шаарларында, Москва, Геленджик, Калязин, Искитим ж.б. жерлеринде өрттөн каза тапкандардын жаркын элесине арналган иш-чаралар өтүп, кырсыктын курмандыктарынын урматына асманга ак шарлар учурулду.
Мындай иш-чара ошол эле күнү Кыргызстанда, Казакстанда, Литвада ж.б. болуп өттү. Кыргызстанда, Бишкекте «Ала-Тоо» аянтына ар ким өзү чогулуп олтуруп, бир далай адамга жетиптир. Алар да россиялыктардын азасын бөлүшүп, саат кечки алтыда асманга ак шар учуруп, кайгыга баткандардын кайгысына ортоктош болушту.
Ал эми Кемерово облусунда бүгүн үч күндүк аза күтүүнүн соңку күнү. Бул күн дагы далай жылдарга жүрөктөрдүн үшүн алып, жакындарын өмүр бою кайгыртып- капалантып келээр. Силердин аза кайгыңарды тең бөлүшөбүз, азалуу бүлөлөр!
Ал эми секелектер, өспүрүмдөр, жалпы эле шейит кеткендер, силерди сактап кала албаган адам пендесин кечиргиле!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты