Нарын: Үч күндө 300 айдоочу жол эрежесин бузат
- 6 лет мурун
- Маек
Өлкөдө өтүп жаткан «Техникалык абал!» деп аталган иш-чаранын алкагында Нарын облусунун аймагында жол кырсыктарын алдын -алуу жана кырсыкты болтурбоо максатында жол эрежесин бузган жана бузук машина айдаган айдоочуларды аныктоо үчүн 2018-жылдын 26-марттан 28-мартка чейин иш-чара өткөрүштү.
Иш-чарада жалпы жол эрежесин бузган 300гө жакын айдоочу аныкталып, анын ичинен техникалык жактан бузук абалда автоунаа башкарган 24 айдоочу жана мас абалында рулга отурган айдоочуга карата административдик протокол түзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!