3 ай бою автоунааны кайра каттоо жеңилдетилет

3 ай бою автоунааны кайра каттоо жеңилдетилет

2018-жылдын 2-апрелинен 2-июлуна чейин транспорттук каражаттардын мамлекеттик кайра каттоосу жеңилдетилген негизде жүргүзүлөт. Бул боюнча токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

«Таза Коом» санариптик программасын жана “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу максатында транспорттук каражаттарды кайра каттоо үчүн шарттарды түзүү максатында мамлекеттик каттоо кызматы жеке жактардын транспорт каражаттарын жеңилдетилген негизде кайра каттоо боюнча 2018-жылдын 2-апрелинен тартып 2-июлуна чейин улуттук кампания өткөрүү  тапшырылды.

Иш жүзүндө автомашина сатуу, сатып алуу жана алмаштырууда көптөгөн жарандар жаңы ээсине каттабай, ишеним кат менен гана чектелишет. Мында машина анын мурунку ээсинде же ишеним катты берген жаранда расмий түрдө кала берет.

Учурда сатуу жана сатып алуу келишимин расмий каттоонун баасы ишеним катты берүү баасынан жогору.

Мамлекеттик каттоо кызматында тийиштүү каттоосу жок, ишеним кат негизинде сатып алынса же сатуу келишим түзүлсө «Акылдуу шаар» долбоорун ишке киргизүү менен жол эрежелерин бузуудагы айып пул автотранспорт ээсинин атына келе баштайт.

Ошондуктан Өкмөт транспортту жеңилдетилген кайра каттоо мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, жарандардан автоунааны өзүнө каттатып алууну өтүнөт. Бул келечекте айып пул алган учурдагы түшүнбөстүктөрдү алдын-алууга жардам берет.

Ошол эле учурда мамлекеттик транспорттук каражаттарды кайра каттоодо алынуучу 0,1 пайыздык төлөмдөн  бир катар автотранспорт  бошотулат. (Толук маалымат менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын курамдык бөлүмдөрүнөн таанышууга болот).

Ошондой эле транспорттук каражаттарды мамлекеттик кайра каттоодо колдонулган мамлекеттик каттоо белгилери  ордунда болсо, акысыз кайра катталарын белгилеп кетүү зарыл.

Мындай малыматты Өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү жарыя кылды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты