Депутаттар  коруктарды натыйжалуу пайдалануу демилгесин көтөрүүдө

Депутаттар  коруктарды натыйжалуу пайдалануу демилгесин көтөрүүдөЖогорку Кеңеште жаратылыш коруктарын ар кандай терс таасирлерден коргоого багытталган “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда.

Депутат Мирлан Бакировдун айтымында, өлкөнүн табигый байлыгын натыйжалуу пайдалануу максатында, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын чек тилкелериндеги жерлерди жергиликтүү калктын мал жайыты катары пайдалануусуна, андагы дарылык касиети бар чөптөр менен мөмө-жемиштерди терип алууга мүмкүнчүлүк берүү зарыл.

«Бирок мындай аракеттердин баары катуу көзөмөлдө болушу абзел. Коруктардын аянтын белгилөө ишине окумуштууларды тартуу керек» дейт ал.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалыматына караганда, мыйзамга ылайык корук аймагынын өзөк тилкеси жалпы аянттын 75 пайыздан кем эмес бөлүгүн түзүүгө тийиш. Бирок айрым коруктардын жерлеринин чек тилкелериндеги жерлер жаратылыш шартын эске албай эле, мыйзамда белгиленген өлчөмгө жеткиребиз деген ниетте атайылап көбөйтүлгөн. Ошондон улам, жергиликтүү калк арасында нааразычылыктар жаралууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мамлекеттик 10 жаратылыш коругу жана 12 жаратылыш паркы бар. Кыргыз жаӊгагынын мекени болгон «Дашман» коругу 2012-жылы түзүлгөн. Жалпы аянты – 7958 гектар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты