Соода-оюн-зоок борборлорунда өрт коопсуздугу текшерилет

Соода-оюн-зоок борборлорунда өрт коопсуздугу текшерилетБүгүн, 28-марттагы  Өкмөт жыйынында, премьер-министр Сапар Исаков Россиянын Кемерово облусундагы “Зимняя вишня” соода-оюн-зоок борборундагы көп залака алып келген өрткө байланыштуу Кыргызстанда да бардык соода-оюн-зоок борборлорунда жана коомдук, эл агымы арбын жерлерде өрт коопсуздугу кандай сакталарын текшерип чыгуу тапшырмасын берди.

Премьер Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик комитетине жергиликтүү бийлик менен бирдикте ыкчам түрдө бардык соода-оюн-зоок борборлорундагы жана коомдук жайлардагы өрт коопсуздугун текшерүүнү тапшырды.

Ошондой эле КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эл арасында өрт коопсуздугу боюнча  сабактарды жана түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүнү талап кылды.

Бул тууралуу Өкмөттүн ЖМК жана коомчулук менен иштөө бөлүмү кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты