Кемел Бакашов дүйнөдөн кайтты  

Кемел Бакашов дүйнөдөн кайтты  Кыргыз маданияты менен адабияты оор жоготууга учурады. 2018-жылдын 28-мартында 82 жаш курагында белгилүү акын жана журналист, Кыргызстан улуттук жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү, Эл агартуунун мыктысы Кемел Бакашов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.   

Кемел Бакашов 1936-жылы 24-июлда Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында туулган. Каракол шаарындагы педагогикалык институтту бүткөндөн кийин Ыбырай Туманов атындагы мектепте өмүр бою мугалимдик кесипте эмгектенген.

К. Бакашовдун калемине таандык “Ата Журт жана махабат” (2007), “Он сегиз жаш” (2010), “Күү залкары Ыбырай Туман уулу” (2011), “Өмүр изи” (2016) аттуу китептери кыргыз журтчулугуна кеӊири белгилүү. Ырлары орус, якут тилдерине которулган. Ал ырларында туулган жеринин керемет жаратылышын даңктаган, адамдардын ички дүйнөсүн ачып берген. Туулган жер, өмүр, махабат, жаратылыш темаларына арналган ырларына жүздөгөн обондор чыгарылып, бүгүнкү күндө да эл арасында ырдалып жүрөт.

Мындан жарым кылым мурда (1966-жылы) анын сөзүнө жазылган сүйүүнүн, жаштыктын гимнине айланган “Он сегиз жаш” деген ыры бүгүнкү күндө да эл арасында ырдалып жүрөт. Ал эми “Кыргыз жери” аттуу ырын атактуу ырчы Болот Миңжылкиев Италиянын “Ла-Скала” театрында ырдап чыккан.

Кыргыз поэзиясында өзүнүн татыктуу орду бар, адабияттын алтын казынасына баа жеткис салымын кошкон элеттик таланттуу акын, агартуучу, журналист Кемел Бакашовдун элеси түбөлүккө сакталып кала бермекчи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты