Маданият министри театрдын светчи, эсепчи, костюм цехинин башчыларына сыйлык тапшырды
- 7 лет мурун
- Маек
Бүгүн Маданият, маалымат жана туризм министри С. Жумагулов электрик, актер, эсепчи, театрда костюм цехинде кызмат кылгандарды маданиятка кошкон чоң салымы үчүн төш белги жана ардак грамоталар менен сыйлады.
Алар— Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустук куурчак театрлардын жана Бишкектеги бир нече театр кызматкерлери.
Министр сыйлык тапшырып жатып “Мамлекет башчылары маданият кызматкерлерин урушпай, тескерисинче аларга иштөөгө шарт түзүү керек экенин белгиледи. Ошондой эле айлыктын аздыгына карабай кесибин сүйүп иштегендерге ыраазылыгын билдирди.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!