Спирт ичимдигин интернетте жарнамалагандарга айып салынат

Спирт ичимдигин интернетте жарнамалагандарга айып салынатБүгүн, 28-мартта, Президент Сооронбай Жээнбеков “Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Ага ылайык, спирттик ичимдиктерди интернетте жарнамалоого тыюу салынат.    Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзам технологиянын өнүгүүсүнө байланыштуу жарнак чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү жана калктын спирттик ичимдик ичишин азайтуу максатында кабыл алынган.

  • Интернетте спирттик ичимдиктерди жарнамалаган жарандарга -10 миң айып;
  • Кызмат ээлерине -20 миң айып:
  • Юридикалык жактарга 70 миң сом айып салынат.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты