Умбеталы Кыдыралиев, ЖК депутаты: “Токтогул ГЭС каскады 4,5 млрд сомго бааланыптыр. Ошо кантип болсун?»

Умбеталы Кыдыралиев, ЖК депутаты: “Токтогул ГЭС каскады 4,5 млрд сомго бааланыптыр. Ошо кантип болсун?"Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун берген маалыматына караганда, мамлекеттин карамагында 1150 ишкана бар, анын  894сы  иштебейт,  236 гана ишкана иштейт. Өткөн жылдын жыйынтыгында алардан 124 млн сом көлөмүндө киреше алынган. Бул өтө аз. Бул тууралуу депутат Умбеталы Кыдыралиев Жогорку Кеӊеш жыйынында «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө» мыйзамдын жаӊы редакциясынын долбоору каралып жатканда билдирди.

Депутаттын айтымында, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарылышы башкы көйгөй болуп, республикалык бюджет көптөгөн каражаттан куржалак калууда.

«Эгерде 236 эле эмес, бардык ишканалар иштей турган болсо, бюджетке миллиарддаган киреше түшмөк. Тилекке каршы, көптөгөн убадаларга карабастан, аларды ишенимдүү башкара албай келебиз. Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо былтыр аягына чыгат дешти эле, ал дагы иши да кечеӊдеп турат, деги анын азыркы абалы кандай?», — деди ал.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Ренат Түлөбердиев азыркы учурда негизги фонддо турган мүлктөрдү инвентаризациялоо жумушу аяктап калганын билдирди.

«Негизги фонддогу мүлктөрдүн балансалык наркы аныкталды. Эми биз алардын рыноктук баасын чыгарышыбыз керек, ошондо жалпы мүлктүн чыныгы наркы билинет. Бул бери дегенде 2-3 жылдык жумуш» деди ал.

У. Кыдыралиев ага Токтогул ГЭС каскадына коюлган бааны мисал тартты.

«Эӊ ири Токтогул ГЭС каскады 4,5 млрд сомго бааланыптыр, ошо кантип болсун! Менимче, мамлекеттик мүлктү баалоодо туура, калыс жана иштиктүү мамиле жасоо зарыл. Ансыз алардын чыныгы наркы чыкпайт” деди эл өкүлү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты