Курманкул Зулушев, ЖК депутаты: «Өкмөт саясий жактан да, экономикалык жактан да банкрот болуп турат”

 

Курманкул Зулушев, ЖК депутаты:  «Өкмөт саясий жактан да, экономикалык жактан да банкрот болуп турат”Курманкул Зулушев («Республика – Ата-Журт» фракциясы) парламенттин кезектеги жыйынында жасаган кайрылуусунда президент өзү көтөргөн демилгесин аягына чыгарсын деп эл айтып жатканын билдирди.  Эл өкүлү ошондой эле өкмөт  саясий-экономикалык жактан банкрот болгонун айтты.

«Бишкек ЖЭБди реконструкциялоого алынган 386 млн доллар насыя каражатынын кайда жана кантип жумшалганын жараткан өзү ачыкка чыгарып койду. Мекемелер аралык комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголот дешкен, эки айдан бери анын иликтөө жыйынтыгы жок. Бишкек ЖЭБи боюнча кандай келишим түзүлгөнү да белгисиз. Кылмыш иши козголсо, бери дегенде 20-30 аткаминердин башы көрүнөт болчу»  деди  өкүлү.

Депутаттын айтымында, коррупция жоюлмайынча өлкөнүн ырааттуу өнүгүшү кыйын.

«Биз шайлаган Өкмөт саясий жактан да, экономикалык жактан да банкрот болуп турат. Калкыбыз Президент коррупцияга каршы жакшы демилге көтөрдү, эми аны өзү көзөмөлгө алып, аягына чейин чыгарышы керек деп айтууда. Бул иште парламент да четте калбоого тийиш» деп кошумчалады К. Зулушев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты