Бүгүн Россияда аза күтүү күнү

Бүгүн Россияда аза күтүү күнү28-мартта Кемероводогу көптөгөн адамдардын өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу  Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

ТАССтын маалыматы боюнча Россия президенти В. Путиндин жарлыгы менен 28-мартта Россияда Кемероводогу 64 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

25-мартта Кемероводогу “Зимняя вишня” соода-оюн зоок борборунда ири өрт кырсыгы чыкканы белгилүү. Бул күнү аза күтүү күнү жарыяланып, Россиянын бардык аймагында мамлекеттик желектер түшүрүлүп, оюн-зоок теле берүүлөр көрсөтүлбөйт.

Буга чейин өрт кырсыгынан улам үч күндүк, 27-марттан 29-мартка чейин аза күтүү күнү Кемерово областында жарыяланган.    

Эскерте кетсек, 25-мартта. жекшемби күнү чыккан өрттө каза болгондордун көбү мектеп окуучулары, алар жазгы каникулга тарап, көңүл ачууга бүт классы менен чыгышкан. 64 киши каза болсо, жабыркагандар да ушунча, алардын дагы 15 и ооруканада жатат.

Кылмыш иши ачылып, өрттүн себеби иликтенип жатат.  Азыр беш киши сурак берүүдө анын ичинде соода борборунун жетекчиси, ошол күнү иштеген жооптуу кызмат адамдары бар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты