ӨКМ: 28-марттагы аба ырайы

ӨКМ: 28-марттагы аба ырайы28-мартта Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

Нарын районунун Учкун айыл аймагында 2018-жылдын 27-мартында саат 17:30 чамасында ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткен катуу шамал катталып, Учкун айылындагы турак үйдүн чатырын, Куланак айылындагы айыл өкмөттүн имаратынын чатырын жана Достук айылындагы орто мектептин чатырын учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.

Дөбөлү айыл аймагында  2018-жылдын 27-мартында саат 17:30 чамасында ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткен катуу шамал катталып, Дөбөлү айылындагы турак үйдүн жана орто мектептин чатырын жана Алыш айылындагы турак үйдүн чатырын учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.

Жалпы район боюнча 3 турак үйдүн жана 3 социалдык объектинин чатырлары шамалдан зыянга учураган.

Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде аныктоо иш чаралары жүргүзүлгөн. Материалдык чыгым такталууда.

Тиешелүү иш чаралары 2018-жылдын 28-мартында улантылат.

Жалал-Абад облусу

Тогуз-Торо районунда 2018-жылдын 27-мартында саат 22:00 чамасында Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 18:25 чакырымдарынын аралыгында (Ак-Союл тилкеси) катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Союл суусунун деңгээли көтөрүлүп унаа жолду жууп кеткен. Унаа каттамы жабык. Жабыркагандар жок.

Жолду тазалоого №18 жол тейлөө ишканасынан 1 даана жүктөгүч, 1 даана УАЗ үлгүсүндөгү унаа жана 10 кызматкер тартылган.

Тазалоо иш-чаралары улантылууда.

Аксы районунда 2018-жылдын 28-мартында саат 00:50 чамасында Кербен шаарынын Живпром айылында катуу жааган жаандын кесепетинен каналдын мурун тешилген жеринен суу өтүп 4 турак үйдүн короо сарайын каптаган.

КР ӨКМнин Аксы райондук бөлүмүнөн 2 офицери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам жеринде кечиктирилгиз чараларды көрүү боюнча иш аракеттерди жасаган.

Тартылган күчтөрдүн аракетинде каналдын тешилген жери убактылуу жабылып, кырдаал жөңгө салынган. Каналды калыбына келтирүү  иш-чаралары улантылууда.

Чүй облусу

Кемин районунда 2018-жылдын 27-март күнү саат 21:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (Боом капчыгайы) 131-чакырымында тоодон болжол менен көлөмү 15 м3 көлөмдөгү таш түшкөн. Унаа жолу жабылган эмес. Жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине № 32 жол тейлөө ишканасынан 1 даана манипулятор, 1 даана жүктөгүч жана 4 кызматкер тартылган, саат 22:30да түшкөн таштан тазаланган.

Ош облусу

Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагында 2018-жылдын 26-март күнү саат 11:30 чамасында 1-Май айылынын Алайчы-Ата көпүрө башы  чегинде   25-30 м³ эски жер көчкү 1-1,5 метрге жылып,  Кара-Кулжа, Биймырза айылдарындагы  3446 турак-жайдын  (18491  жаран) тургундарын тоодон аккан таза суу менен камсыз кылуучу суу түтүктөрүн сүрүп, жараксыз абалга келтирген. Жер көчкүнүн жылып түшүүсү 3 даана электр өткөргүч мамычаларына жана ички чарбалык жолго коркунуч жаралган.

Жер көчкү айылдан 500 метр алыстыкта жайгашкандыктан айыл тургундарына коркунуч жок.

Жергиликтүү тургундарга 2 даана тереңдиктен  соруучу насостор аркылуу таза суу үзгүлтүксүз берилүүдө.

КР ӨКМнин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери, КР ӨКМнин ыкчам тобу, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде тактоо иш-чаралары аткарылган.

Айыл өкмөтү тарабынан күнү-түнү нөөмөт уюштурулуп. 27-мартында КР ӨКМ тарабынан Кара-Кулжа айыл аймагына көргөзмө берилген. 28-мартында суу түтүкчөлөрүн оңдоо иш чаралары мерчемделүүдө.

Өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө өрткө-каршы-куткаруу 7 бөлүмү тартылган.

Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты