Кыргызстан маданий мурастарынан айрылуу коркунучунда!

Кыргызстан маданий мурастарынан айрылуу коркунучунда!

Бүгүн, 27-мартта,  Жогорку Кеңеште укук коргоо органдары жана маданият мекемелери тарабынан “КР музейлери жана Музей фонду жөнүндө” жана “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамдардын аткарылышы талкууланды.

Султанбек Жумагулов, маданият, маалымат жана туризм министри:

«Тарыхый-маданий мурастар мыйзамсыз казгандар тарабынан таланып-тонолуп, жок кылынууда»

Кыргызстандын аймагында ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине «Сулайман-Тоо», «Ак-Бешим», «Бурана» сындуу көптөгөн тарыхый-археологиялык музей комплекcтери бар. Ошондой эле, жаӊы тарыхый-маданий мурас объектилерин табуу, эсепке алуу, коргоо чаралары негизги милдеттердин бири болуп саналат. Тилекке каршы, ушу тапта алар мыйзамсыз казган шылуундар тарабынан таланып-тонолуп жок кылынууда. Бул тууралуу маданият министри Султанбек Жумагулов тарыхый-маданий мурастарды коргоо жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына арналган парламентте билдирди.

Тилекке каршы, каржылык тартыштыктардан улам, 2015-2020-жылдар аралыгында тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар аксап турат. Бул багытта жылына жок дегенде 25 млн сом көлөмүндө каражат бөлүнүшү зарыл.

“Өлкө аймагындагы музейлердин он экиси гана атайын ылайыкташтырылган имараттарда турат, калган музейлердин баары шарты жок жайларда жайгашкан.  Мындай абал музей экспонаттарынын сакталышына өз кесепетин тийгизбей койбойт. Азыртан алгылыктуу чараларды колго алып, келечек үчүн кам көрбөсөк, байыртан келаткан мурастарыбыздан айрылып калышыбыз мүмкүн” дейт министр.

Андан тышкары, Кыргызстандын музейлеринде 700 кызматкер иштеп жатканы, алардын арасында жаш адистер жок экени, аймактардагы кызматкерлердин маянасы 3 миӊ сомду, борбордук музейлерде иштегендердики 6 миӊ сомду түзөт. Ошону менен бирге, өлкө аймагында музей адистерин даярдай турган бир дагы жогорку окуу жайы жок.

«Азыр биз Улуттук университеттин базасында музей иштери, тарыхый-маданий мурастарды коргоо багытындагы адистерди даярдоо кафедрасын ачуу жаатында сүйлөшүүлөр жүрүүдө» дейт Султанбек Жумагулов.

Изилдене элек тарыхый мурас жерлерге  үй курулуп, кен казылып жатат  

Археолог-окумуштуу  Кадича Ташбаева изилдене элек тарыхый-маданий мурастарга кирген байыркы мүрзө-дөбөчөлөрдүн жанына, керек болсо үстүнө үйлөр курулуп жаткан фактылар бар экенин баса белгиледи. Бүгүнкү күндө тоо кендерин иштетүүдө дагы тарыхый-маданий мурастар турган жерлерде тоо кендерин казуу иштери жүрүп жатканына Чаткалдагы алтын кенин казуу иштерин мисалга тартты. “Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө белгилүү Саймалуу-Таш” тарыхый эстеликтеринин жанында дагы көмүр, алтын кендери табылып, аларды казуу аракеттери чоң коркунуч экендигин кошумчалады.

Кыргызстанда болгону 10 археолог бар экени айтылып, кадр маселеси өтө курч тургандыгы белгиленди. Мындай маселени көтөргөн иш-чара катышуучулары кадр маселесинин чечилишине көмөк көрсөтүүнү Жогорку Кеңештен өтүнүштү.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Асек Солтобаев мыйзамсыз казуу иштерине токтолуп, мындай темп уланса, Кыргызстан 10-15 жылдан кийин көптөгөн баалуу тарыхый-маданий мурастарынан айрыларын эскертти. Ошондой эле ал жер-жерлерде каттоосу жок ар кандай формадагы музейлердин көптүгүн баса белгилеп, кайсынысында эмне экспонаттар бар экендигине эч кандай көзөмөл жоктугун сынга алды.

Бакыт Аманбаева табылган тарыхый-маданий экспонаттарды реставрациялоо боюнчао адистердин жетишсиздигине токтолуп, тарыхый-маданий эстеликтер турган жерлердин башын ачуу керектигин айтты. Анткени, андай жерлерди изилдөөгө келгенде ижарага алууга туура келет. Б.Аманбаева дагы республиканын аймагындагы мектеп, коомдук, жеке музейлерди инвентаризациялоо керектигине басым жасады.

Мындан сырткары, парламенттик угуунун жүрүшүндө аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлдөрүнө тарыхый-маданий мурастарды сактоону каржылоого мамлекеттик колдоо, кадр жетишсиздигин чечүү, маданий-тарыхый мурастарды мыйзамсыз казгандарды токтотуу боюнча сунуштар берилди.

Музейлер тууралуу баяндамалардан кийин талкуулар башталды.

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев. “Бирок бүгүнкү күндө тарыхый-маданий мурастарды сактоо маселесин өкмөт жалгыз чече албайт. Буга өкмөт, парламент, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий чөйрө жана коомчулук бирдикте иш алпарышы керек” десе, депутат Айнуру Алтыбаеванын пикиринде, тарыхый-маданий мурастарды сактоо үчүн каржылоо республикалык бюджет менен катар жергиликтүү бюджеттен дагы каралышы керек.

Жыйынга катышкан Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Бүбүайша Арстанбекова тарыхый-маданий мурастарды сактоо, коргоо, элге маалымат берүү боюнча маселени колго алуу керектигин сунуш кылды.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов “Ата мурасын көздүн карегиндей сактайлы!” деген ураандын астында жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча тапшырмалар берилгендигин айтты. Мындан сырткары, театрга үй-бүлө жана жамаат менен  баруу боюнча долбоорлор  ишке ашырыла баштарын маалымдады.

Министрлик  Улуттук илимдер академиясы (УИА) менен түздөн -түз иш алпаруусу зарыл экенин айтты.  Илимдер акадаемиясынын Тарых институтунун директору Аблабек Асанканов тарыхый экспонаттар кандай жолдор менен табылбасын, алар сатылбашы керектигин, дароо музейлерге өткөрүлүшү зарылдыгын баса белгиледи. Профессор А.Асанкановдун айтымында, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кадр маселеси – музей кызматкерлери боюнча КР УИАнын Тарых институтуна кайрылган. “Биз улуттук университетте кадр даярдоого программа түзүп, Билим берүү, илим министрлигине жөнөткөнбүз, алардан уруксат боло элек” деди.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Назира Жусупбекова бул маселени дыкат иликтеп, жооп берүүнү убада кылды.

Депутат Аида Касымалиева Тарых институтунун директору Аблабек Асанкановдун тарыхый-маданий мурастар КР УИА тарабынан изилденип, сактоо, коргоо жагы тиешелүү министрликте калышы керек деген пикирине жооп кылып, бул багытта мыйзам долбоорлору даярдалып жатканын маалымдады.

Табылган экспонаттарды реставрациялоочу адистерди даярдоо үчүн чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардагы, анын ичинде Россиядагы ЖОЖдорго квотанын санын көбөйтүү маселесин белгилүү сүрөтчү Юристанбек Шыгаев көтөрүп чыкты.

Мындан сырткары, тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдын компетенциясын күчөтүү тууралуу сунуштар айтылды.

Сунуш-пикирлерди эске алуу менен сунуштама долбоору кабыл алынды. Анда КР Өкмөтүнө тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана колдонуу боюнча укуктук-ченемдик актыларды инвентаризациялоо, тарыхый, маданий баалуулуктарды мыйзамсыз козуганды токтотуу, жеке жактардагы жана чет өлкөгө чыгарылып кеткен экспонаттарды кайтаруу боюнча чараларды көрүү ж.б. тапшырмалар белгиленген. Мындан сырткары, тарыхый-маданий мурастарды сактоого республикалык бюджеттен ар жыл сайын 25 миллион сом бөлүү тууралуу маселени кароо сунушталды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты