400дөн ашуун сот адам укуктары боюнча окуудан өткөн

  • 1 год мурун

2019-жылдан бери Кыргызстанда 400дөн ашуун сот адам укуктары жана эл аралык стандарттар боюнча окуудан өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова Женевадагы БУУнун расалык дискриминация боюнча 115-сессиясында билдирди. Ал Кыргызстанда сот системасында ар улуттун өкүлдөрү иштээрин жана судьялардын 38% аялдар түзөрүн белгиледи.

Бакирова Кыргызстандын расалык дискриминацияга каршы күрөшүүдө эл аралык милдеттемелерди аткарып жатканын, бул багытта БУУ жана башка өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экенин айтты.

Ошондой эле 2019–2024-жылдары расалык, этностук жана диний кастыкка байланыштуу кылмыштар боюнча маалыматтар берилген. Ал арада, 2024-жылы сотторго байланыштуу 500дөн ашуун арыз түшүп, 50 сот ар кандай тартип жазасына тартылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты