Дохада жарандык коргонуу жыйынында Кыргызстан төрагалык кылат   

Дохада жарандык коргонуу жыйынында Кыргызстан төрагалык кылат   КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кубатбек Боронов баштаган делегециясы Жарандык коргонуу эл аралык уюмунун Аткаруу Кеңешинин Дохада өткөн 51-сессиясына катышууда жана анда төрагалык милдетти аткарууда.  

Жарандык коргонуу эл аралык уюмунун Аткаруу кеңешинин бул күндөрү Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында  өтүп жаткан 51- сессиясында кыргыз тарап төрагалык кылууда. Ага 22 мамлекет мүчө.

Сессия акыркы беш жылда дүйнөдөгү кырсыктын алдын-алуу, калкты кырсыктан коргоо, өзгөчө кырдаалдар учурундагы шарттар менен таанышууда.

Келерки, 2019-жыл дүйнөдө “Балдардын коопсуздугун сактоо—биздин милдетибиз” деген, 2020-жыд “Жарандык коргонуу жана ар бир үйдө биринчи жардам көрсөтө билүү” деген ураан алдында өтөт.

Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты