ӨКМ: 27-28-мартта чейин суу деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн!

ӨКМ: 27-28-мартта чейин суу деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн!2018-жылдын 27-мартында аба ырайынын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-чакырымында (Чоң-Көчкү), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Арал-Суусамыр унаа жолунун 8-21 чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2018-жылдын 27-мартында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

27-мартта абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 3…8°, күндүз 10…15° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…21°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2018-жылдын 27-мартынан 28-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондугуна байланыштуу, 2018-жылдын 23-мартынан 27-мартына чейин Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин, унаалардын баардык түрлөрү үчүн жол каттамын жабуу боюнча КР Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы Премьер-министрдин 2018-жылдын 23-мартында №13 буйругу чыккан.

2018-жылдын 27-март күнү саат 06:00дө убактылуу жабылган постор ачылган.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты