4-январга карата аба ырайы
- 5 месяцев мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 4-январда өлкөнүн баардык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9
Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8
Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -6…-11
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 6…8 градус жылуу болот.
Муну бөлүшүү




