4 айда 300 миңден ашык жол эрежеси бузулган

  • 2 года мурун

Жыл башынан бери өлкө боюнча 315 миң 762 жол эрежесин бузулду.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, жол эрежесин бузгандардын басымдуу бөлүгү транспорт каражаттарын колдонуу эрежелерин сактабагандар (119 миң 688) түзөт. Жол белгилерин, жолдогу чийиндердин талаптарын аткарбагандар (107 миң 586). Белгиленген ылдамдыктан ашыра айдагандар – 45 миң 200, тиешелүү документи жок унаа башкаргандар – 4 миң 158, МАИ кызматкерлерине баш ийбегендер – 377, авто ээн баштык – 51, жөө жүргүнчүлөр арасында эреже бузгандар – 12 миң 135, ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайрадан унаа башкаргандар – 1 миң 219, алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып алгандар – 947, мас абалында унаа айдагандар – 4 миң 171.

Жогорудагы кылмыштуу окуялардын ичинен 17 миң 868 айдоочунун унаасы айып короосуна токтотулган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты